Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 07:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Улан Ниязбеков ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ИИМ башчыларынын IV жыйынына катышуу үчүн Ташкентке барды

18.08.2022 11:59
620
Улан Ниязбеков ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ИИМ башчыларынын IV жыйынына катышуу үчүн Ташкентке барды



Бүгүн, 18-августта, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин Өзбекстан Республикасында өтүүчү ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин төртүнчү жыйынына катышууга барды.  


ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, Өзбекстан Республикасынын Шанхай Кызматташтык Уюмунда төрагалыгынын алкагында 17-18-августта Ташкентте ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин төртүнчү жыйыны өтөт.


Аталган кеңешмеге ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрликтеринин, ШКУга караштуу байкоочу мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын, анын ичинде Интерполдун, БУУнун Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча башкармалыгынын, КМШга катышкан мамлекеттердин жана КМШнын террорго каршы борборунун аймагында Уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштуулуктун башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөшүү ишин координациялоо боюнча бюронун делегациялары катышат.


Кеңешмеде эл аралык жана Аймакттык коопсуздук, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүү, терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүү, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана башка маселелер талкууланат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн