Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:08
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Улан Ниязбеков айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады (фото)

07.03.2023 13:52
426
Улан Ниязбеков айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады (фото)


2023-жылдын 7-мартында ИИМдин коллегия залында 8-Март Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ички иштер министри Улан Ниязбеков, милиция айымдарын куттуктап, кызматтык ишинде жогорку ийгиликтерге жетишкен милиция кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Ички иштер министри өз сөзүндө бардык өздүк курамдын жана жеке өзүнүн атынан аял кызматкерлерди ушул жаз, жаркын жана кооз майрамы менен куттуктады.

ИИМдин башчысы белгилегендей, 8-Март майрамы жаратылыштын ойгонушу, жылдын жаңы, жаркын жана кооз мезгилинин башталышы менен байланыштуу. Аялдардын аркасында биздин түбөлүк баалуулуктарыбыз – бул сүйүү, үй-бүлө, берилгендик. Алар үй-бүлөлүк очокту сактап, балдарды тарбиялап, алардын колдоосу жана сүйүүсү эркектерди татыктуу иштерге жана эрдиктерге шыктандырат, кайрат жана үмүт берет, бул дүйнөгө кубаныч жана гармония, тынчтык жана бейпилдик алып келет.

Өз куттуктоосунда ички иштер министри кесиби милиционер жана аскер кызматчысы болуп калган аялдарды өзгөчө белгилеп, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, бакубатчылык, кесиптик тармагында ийгиликтерди каалап, биздин дүйнөнү жарык жана кубанычтуу кылып, ар дайым ошондой эле сулуу бойдон калуусун каалады.

 “Кыргызда «аял-эне, аял-бакыт, аял-жар»-деген жакшы сөз бар. Ага улай баарыбызга өмүр, ченемсиз бакыт тартуулаган аялзаты экенин эч ким тана албаса керек. Жашообуздагы чоң түйшүктү мойнуна артып, чоң жоопкерчилик менен бала тарбиялап, үзүлгөндү улап, адамзатынын улуулугун даңазалап келген аялзаттын эмгеги зор экендигин жакшы билебиз.  

Жарыкчылыкта эненикине теңдеш мээрим болбойт, ошондуктан оболу бардык энелерге башымды ийип таазим этем. Кыргыз элинин байыркы тарыхында айкөл Манасты берген Чыйырдыдан тарта Каныкей менен Айчүрөк, Жаңыл Мырза менен Кыз Сайкал, Курманжан Датка сыяктуу даанышман, каарман жана мээнеткеч аялзатынын образы калыптанган.

Биздин да кызматкерлердин арасында айкөл, эр жүрөк, кайраттуу айымдар кызмат өтөшөт, биз да алар менен сыймыктанабыз. 

Урматтуу биздин мыкты аял кызматкерлер жана милициянын ардагерлери! Жаздын эң сонун майрамы - 8-Март аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Жаздын алгачкы нурлары жүрөгүңдү жылуулукка толтуруп, жакындарыңдын сүйүүсүн, жакшы маанай тартууласын. Баарыңыздарга бакыт, жылмаюу, бакубат жашоо, бакубат жашоо, ийгилик каалайм», - деп баса белгиледи ички иштер министри. 

Салтанаттуу иш-чарада милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку натыйжаларга жетишкен кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.


Өткөн жылы биздин ички иштер министрлигинин кызматкерлери кандидаттык диссертациясын жактап, илимий ишинде ийгиликтерге жетишкен. Ошондой эле биздин аял-милиционерлердин спорттун көптөгөн түрлөрүндө жогорку спорттук натыйжаларга жетишүүгө болгон принципиалдуу умтулуусун белгилеп кетүү зарыл. 2022-жылы ИИМдин кызматкерлери ар кандай спорттук турнирлерде, анын ичинде эл аралык мелдештерде 10 жолу алдыңкы орундарды ээлешкен.


Куттуктоолордон жана сыйлыктарды тапшыруудан кийин ИИМдин ардагери, композитор жана аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Туратбек Дуйшеевдин концерттик программасы болуп өттү. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн