Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 11:25
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Улан Ниязбеков айымдарды 8-мартка карата куттуктады

06.03.2021 11:49
1228
Улан Ниязбеков айымдарды 8-мартка карата куттуктады

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 8-март Айымдардын эл аралык күнүнө карата өлкөдөгү бардык айымдарды куттуктады.


Министрдин куттуктоосу төмөнкүдөй:


Урматтуу Кыргызстандын айымдары!

Жаздын, жаңылануунун жарчысы болгон 8-Март- Айымдардын эл аралык майрамы менен Ички иштер министрлигинин жалпы өздүк курамынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

 Март майрамы узак кыштын күндөрүнөн кийин жарк этип тийген күндөй, карды тээп чыккан гүлдөй көнүлүбүздү ачат, жашоого дем берет. Жарыкчылыкта эненикине теңдеш мээрим болбойт, ошондуктан оболу бардык энелерге башымды ийип таазим этем.

 Кыргызстандын соңку тарыхында оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраты менен жеңип чыкты. Маданият менен искустводо, кол өнөрчүлүктө, спортто албан ийгиликтерди жаратып жаткан айымдарыбыздын калың катары өсүп чыкты.

 Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда сиздердин эмгекке баа жетпейт, асылкеч-аялзат!

 Бүгүн Сиздер үчүн өзгөчө күн. Өлкөдөгү тынчтык, жакындардын амандыгы,үй-бүлөдөгү бакубаттык – сиздерге улуу белек. Сиздер күн сайын белек алууга, урмат-сыйга бөлөнүүгө татыктуусуздар.

 Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмайуу кетпесин, жаркын маанай, жакшылыктарды каалайм! Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм!! Майрамыңыздар куттуу болсун!


Улан Ниязбеков

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри

милициянын генерал-майору

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн