Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:10
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Улан Ниязбеков айымдарды эл аралык майрамы менен куттуктады

07.03.2022 13:54
430
Улан Ниязбеков айымдарды эл аралык майрамы менен куттуктады

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата аялдарды куттуктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


"Урматтуу асылзат айымдар, энелер жана эже-карындаштар! 

Сиздерди жадырап жайнап келген жаз майрамы 8-март- Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм! Ушул жазда Сиздердин мээримдүү жүрөгүңүздөрдө кубаныч уялап, жүзүңүздөрдөн күлкү кетпей, бактылуу болушуңуздарга тилектешмин! Сиздер бар үчүн жергебизде балдардын күлкүсү угулуп, дасторкондорубуз түркүн даамга жайылып, үйлөрүбүз ырыскыга толуп турат. Азыркы учурда аялдар коомдун экономикалык жана саясий турмушуна, мамлекеттик бийлик органдарынын, ички иштер органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине активдүү катышууда. 


Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай багыт алышына сиздердин салымыңыздар зор, асылзат айымдар! Баарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр тилейм! Майрамыңыздар кут болсун! Сиздерди майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктаймын!",- деп айтылат Ички иштер министри Улан Ниязбековдун куттуктоосунда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн