Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Улан Ниязбеков чек арада жабыркаган милициянын имаратынын курулушу менен таанышты

28.08.2021 07:21
642
Улан Ниязбеков чек арада жабыркаган милициянын имаратынын курулушу менен таанышты

2021-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткен облусуна иш сапары менен барып, апрель окуяларында талкаланган милициянын аймактык бөлүмчөсүнүн жана милициянын аймактык пунктунун курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет.


Эскерте кетсек, 2021-жылдын апрель айынын аягында чек арага чектеш аймактарда куралдуу кагылышуу болуп, анда бир катар имараттар талкаланып, жараксыз абалга келген.


Учурда Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы Милициянын аймактык бөлүмчөсүнүн жана Арка-2 айылындагы Милициянын аймактык пунктунун курулуш иштери менен таанышты.


Бүгүн ички иштер министри Улан Ниязбеков аталган имараттардын курулуш иштеринин жүрүшүн дыкат текшерип, ИИМ тарабынан керектүү жардамдар берилип жаткандыгын баса белгилөө менен бирге милициянын бөлүмчөсүн жана атайын пунктунун ишин тез арада аяктап, ишке берилишин талап кылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн