Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Улан Ниязбеков кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

21.03.2022 07:53
441
Улан Ниязбеков кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Ички иштер министри Улан Ниязбеков кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.


"Урматтуу мекендештер! Ардактуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!


Күн менен түн теңелип, тирүүлүктүн жарчысы болгон Нооруз майрамы босогобузду аттады. Нооруз жаратмандыктын, жаңылануунун майрамы! Жаңы жылдын башталышы Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн жана ийгиликтин башаты болот деп терең ишенем! Нооруз майрамы мамлекетибизге молчулук, кут-береке тартууласын! Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун! 

Бул күнү биз жакшылыктарга үмүт артып, бири-бирибизге аруу тилектерибизди арнайбыз. Ар бир үйгө кут конуп, элибизде ынтымак-ырашкерлик жылоолоп, жергебизге береке кирсин. Жаздын илеби менен келген Нооруз биздин жүрөгүбүздү кубанычка, жылуулукка, ишенимге жана турмуштук күч-кубатка толтура берсин!

Нооруз майрамы элибизге тынчтык, жергебизге береке чачып, бардыгыбызга жакшылыгын тартуулап, ар бирибиздин үй-бүлөбүзгө ынтымак, ырыскы, бекем ден соолук алып келсин! Нооруз майрамыңыздар кут болсун!",- деп айтылат министрдин куттуктоосунда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн