Бугу 16, 2024
Убакыт: 15:25
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Улан Ниязбеков милиция кызматкерлерине 7 багытта иштөө тапшырмасын берди

03.02.2023 15:13
462
Улан Ниязбеков милиция кызматкерлерине 7 багытта иштөө тапшырмасын берди



Ички иштер министри Улан Ниязбеков 2022-жылы калктын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, санарип тармагын чыңдоо, эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана башка бардык багыттар боюнча бир катар жакшы жетишкендиктер ИИМде орун алгандыгын коллегияда баса белгиленди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


“Аталган иш-чаралар ушуну менен токтоп калбайт жана быйылкы жылы ушуга окшогон бир катар иш-чараларды дагы улантабыз. Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Талас облустук жана Ош шаардык ички иштер башкармалыктарынын начальниктерине ротация иштерин жүргүзүп, айрымдарын ээлеген кызматынан бошоттук. Андан тышкары, республикадагы кээ бир шаардык, райондук ички иштер бөлүктөрүнүн начальниктерине ротация иштерин жүргүзүп, жаңы дайындоолорду ишке ашырдык.

Ротация жүргүзүү иштерин дагы улантып, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын чыңдоону мындан ары дагы ишке ашырабыз.

Жалпы элдин коопсуздугуна жана өлкөнүн ички коомдук тартибин мындан ары чыңдоо максатында, ушул жылы ар бир жетекчи 7 приоритеттүү багыт боюнча натыйжалуу иш-чараларды алып баруусун табыштаймын:

Биринчи багыт: Элге заманбап үлгүдөгү сервистик тейлөө көрсөтүп, коомдук коопсуздукту камсыздоого арналган – Милициянын көчмө кабылдамалары күнү-түнү элдин кызматында иш жүргүзүп, милициянын коомчулукка ачыктыгын көрсөтсүн;

Экинчи багыт: Кылмыштын бетин ыкчам ачып, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган – санарип тутумун бекемдөөнү мындан ары улантып, региондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу колго алынсын. Кылмыштарды жана окуяларды жаап-жашырууларга, жеке кызыкчылык үчүн иш алып барууларга жол берилбесин;

Үчүнчү багыт: Жарандардын арыз-даттанууларын калыс жана ар тараптуу тергеп, мыйзам чегинде чечим кабыл алууга арналган – “Таза тергөө” программасы бардык аймактарда ушул жылы толугу менен ишке киргизилсин.

Ар бир жарандын арызына туура юридикалык баа берилип, мыйзам чегинде ишмердик жүргүзүп, элдин ишенимин жогорулатууга карата аракеттер колго алынсын;

Төртүнчү багыт: Жардам сурап кайрылган жарандарга жана милдеттерин аткарып жаткан кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө арналган – курулуштарды жүргүзүп, ишке киргиздик. Бирок, быйылкы жылы дагы кошумча курулуштарды ишке киргизүү маанилүү кадам болуп саналсын;

Бешинчи багыт: Элдин ишенимин жогорулатып, коомчулуктун таянган тиреги болууга арналган максаттарга тоскоолдуксуз жетүү үчүн – өз ичибизден тазалануу иштерин улантып жатабыз. Ички иштер министрлиги качан чечим кабыл алат деп карап отура бербей, өзүңүздөр да координалдуу чечимдерди кабыл алыңыздар. Пара алган, элдин нааразычылыгын жараткан, оройлонгон, текеберленген, өз ишине шалаакы мамиле жасаган кызматкерлер арабызда болбошу керек деген принципте иш алып барылсын;

Алтынчы багыт: Жүктөлгөн милдеттерди так аткарган, коомчулуктун ыраазычылыгын жараткан, адеп-ахлакты, таалим-тарбияны өзүнө бекем сактап, жогорку моралдык нормаларды туу туткан кызматкерлерди даярдоо иш-чаралары жүргүзүлсүн.   

“Кызматыбыз эл үчүн” деген аталыштагы менин жеке кайрылуумдун алкагында ички иштер органдарынын ишмердигин чыңдоого карата уюштуруу чаралары жана кызматкерлер арасында таалим-тарбиялык иштер натыйжалуу аткарылсын;

Жетинчи багыт: Бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, жарандык коомдун, коопсуздук маселеси менен алектенген бирикмелердин катышуусунда, жаштар арасында, анын ичинде өспүрүмдөр арасында туруктуу негизде иш-чаралар өткөрүлүп турсун. 

Эгерде жаңы чакырыктарга көңүл бурбай, ага туруштук берүүгө даяр болбой, мурдагы ыкмаларды улантып, ишмердик жүргүзөм деген жетекчилер катуу жаңылышат деп айтып кетким келет. Ар бир жетекчи өзү жооптуу болгон региондогу коомдук-саясий абалга, криминогендик кырдаалга жана эл арасында көйгөй жараткан учурларга карата ишмердик жүргүзүүсү зарыл. Кылмыштын кесепети менен күрөшпөй, жарандардын, анын ичинде жаш балдардын таалим-тарбиясын, адеп-ахлагын жакшыртууга басым жасашы керек.

Элдин коомдук жана маданий өсүп-өнүгүүсүнө карата тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге иш алып барып, жарандардын жашоо турмушундагы көйгөйлүү учурларга көңүл буруп, жеринде чечүүгө көмөк көрсөтүшү керек.

Мына ушул негизги багыттарды ишке ашырып, санарип тутумун өркүндөтүп, коомдун коопсуздугун сактоого карата жүктөлгөн милдеттерди так аткарып, натыйжада элдин ишенимин жогорулатып, кызматтык милдеттерди аткарууга жетишкен жетекчи – эч качан жаңылыштыкка барбайт. Бул талаптарды эсиңиздерден чыгарбаңыздар жана берилген тапшырмаларды так жана убагында аткаруу керектигин белгилеймин”,- деди Улан Ниязбеков



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн