Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 15:57
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Уланбек Усеков Билим берүү министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

24.01.2023 15:31
272
Уланбек Усеков Билим берүү министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.


Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн, 24-январда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Усековду министрликтин жалпы жамаатына тааныштырды.


“Алдыңызда турган жоопкерчиликтүү милдетти так аткарып, элибизге татыктуу кызмат өтөйсүз деген ишеничтебиз. Билим берүү тармагы - эбегейсиз чоң система. Эмгек жамаат менен мыкты жумуш алып барып, тармактын алдыга жылышына, буга чейинки жүргүзүлүп жаткан, аягына чыкпай калган жумуштарды аягына чыгарасыз деген үмүттөбүз”, - деди Байсалов.


Белгилей кетсек, мурдагы биринчи орун басар Талантбек Бекташов башка кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген ордунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругуна ылайык бошотулду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн