Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 21:05
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Улугбек Ормонов, ЖК депутаты: “Июнь айынан тарта Ош менен Бишкекте боор алмаштыруу боюнча операциялар башталат”

19.03.2024 14:10
1364
Улугбек Ормонов, ЖК депутаты: “Июнь айынан тарта Ош менен Бишкекте боор алмаштыруу боюнча операциялар башталат”


- Улугбек Зулпукарович, органдарды трансплантациялоо боюнча Түркиядан келген адистерди коштоп жүргөнүңүздү көрдүк. Кыргызстанда органдарды которуу боюнча операциялар качан башталчудай?


- Бул ишти 2022-жылы президентибиздин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев менен Аманбай Өмүрзаков башташкан. Түркиялык адистер Кыргызстанга келишип, саламаттык сактоо министрлиги, медициналык академия, Ош университети менен жардам көрсөтүү боюнча меморандум түзүп кетишкен. Биздин президентибиз ушул маселе боюнча Түркиянын президентине кайрылганда Реджеп Тайип Эрдоган мырза өзү Малатья шаарындагы Инону университетине тапшырма бериптир. 2023-жылдан бери булар биздин 65 дарыгерди окутту. Алардын арасында хирургдар да, медайымдар, лаборанттар да бар. Жөн гана окутпай, бекер жатакана, бекер тамак менен да камсыз кылды. Азыркы келген делегация биздин ооруканаларды көрүп атышат. Июнь айынан тарта Ош менен Бишкекте боор алмаштыруу боюнча операциялар башталат. 


- Биздин ооруканалар даярбы ошондой операцияларды жасаганга?


- Президентибиз ошол даярдыктар үчүн үч айга каражат бөлүп бере турган болду. Операциялар Мамбет Мамакеев атындагы ооруканада жана Ош университетинин клиникасында жасалат.  

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн