Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 18:14
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Улукбек Марипов 3 өлкөгө жана эл аралык уюмга элчи болгон дипломаттар менен жолугушту

09.06.2021 15:32
1663
Улукбек Марипов 3 өлкөгө жана эл аралык уюмга элчи болгон дипломаттар менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын министрлер каабинетинин башчысы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын бир катар өлкөлөрдөгү дипломатиялык миссияларынын жаңыдан дайындалган башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

«Мамлекеттин кызыкчылыгын чет жерде коргоо – бул абдан жооптуу жана жогорку миссия. Сиздерден жана сиздердин кесипкөйлүгүңүздөрдөн эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүүсү жана чыңдалышы көзкаранды. Сиздер алдыга коюлган милдеттерди мыкты аткарасыздар деп ишенем, анткени ар бириңиздер мамлекеттик жана дипломатиялык кызматта чоң иш тажрыйбаңыздар бар», - деди ал.

Элчилер менен жолугушуунун жүрүшүндө Улукбек Марипов белгилегендей, өз ишинде саясий жана ишкер чөйрө менен конструктивдүү өз-ара аракеттешүүнү түзүү менен катар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө басым жасоо зарыл.

«Кыргыз Республикасы кызматташууга ачык жана кыргыз экономикасына инвестициялоого умтулган инвесторлорду колдоого алууга даяр. Энергетика, транспорт, тоо-кен өндүрүү, жеңил, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба, туризм жаатындагы долбоорлор биз үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ. Өзгөчө көңүлдү чет элдеги мекендештерибиздин укугун жана кызыкчылыгын коргоого буруу керек. Сиздер жана элчиликтин кызматкерлери кыргыз диаспораларынын мүчөлөрү менен тыгыз аракеттешип, мекендештерибиздин жаралган көйгөйлөрүн чечүүдө колдон келген көмөгүңүздөрдү беришиңиздер тийиш. Бул сиздердин ишиңиздердин маанилүү бөлүгү болуп саналат», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов.

Жолугушууга төмөнкүлөр катышты:

- Алмазбек Бейшеналиев , Женева шаарындагы Кыргыз Республикасынын БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү, Швейцария Конфедерациясы;
- Таалай Базарбаев, Кыргызстандын Италиядагы элчиси;
- Азамат Карагулов, Кыргызстандын Кувейттеги элчиси;
- Талант Султанов, Кыргызстандын Түркмөнстандагы эчиси.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн