Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 03:16
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Улукбек Марипов Аскар Шадиев өкүл атасы экенин тастыктады

02.02.2021 21:11
888
Улукбек Марипов Аскар Шадиев өкүл атасы экенин тастыктады

Өкмөт башчылыкка талапкер  Улукбек Марипов издөөдө жүргөн Аскарбек Шадиевдин өкүл баласы экенин мойнуна алды. Бул тууралуу "Sputnik" агенттиги жазды.


"Ал менин өкүл атам болгон. Мен аны кесе эле айтам. Бирок мен финансылык, башка маселелерде өзүмдүн ишимди так аткаргам. Аны менен акыркы ирет качан байланышканым эсимде жок. Эсеп палатасында беш жылдай иштедим. Андан мурун Ак үйдө Президенттин аппаратында иштеп жүргөндө, балким, жолуккандырмын. Менин ушундай принциптерим бар, негизи өзүмдүн өкүл балдарымды дагы чайга чакырбай, мага таарынып жүрүшөт",- деди  Марипов.


Эске салсак, кечээ Улукбек Мариповдун атасы Асамидин Марипов маалыматты төгүндөп, Ноокатта андай түшүнүк кийин пайда болгонун айткан.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Аппак баары,кечее туулган да