Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Беларусь Республикасынын Минск шаарына барды. Марипов Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчылары жана делегация мүчөлөрү интеграция жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулайт.
Иш-чаранын жүрүшүндө Улукбек Марипов жана Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Хидаят оглы Асадов эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.
Мындан тышкары, делегация башчыларын Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко кабыл алат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн