Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:35
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Улукбек Марипов Карылар үйүндө жашаган энелерден кабар алды

08.03.2021 18:47
841
Улукбек Марипов Карылар үйүндө жашаган энелерден кабар алды

Премьер-министр Улукбек Марипов 8-март Аялдардын эл аралык күнүндө улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Бишкек социалдык стационардын мекемесине барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.



Өкмөт башчы мекемеде жашаган аялдарды жаз майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакыт, жаркын маанай жана күч-кубат каалады.


«Кыргыз Республикасынын Президентинин 8-мартка карата чын дилден чыккан куттуктоолорун билдирем. Ушул жаркыраган майрам күнү ар бириңиздерге чың ден соолук, узак жана бактылуу өмүр, бакубатчылык жана жакшылыктарды каалайм. Аялзаты кылымдар бою үй-бүлөдө ардактуу орун ээлеп, үйдүн куту болуп, балдарды эң бийик адеп-ахлакка тарбиялар, өздөрүнүн акылмандыгы жана боорукердиги менен дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүп келет. Бүгүн ушул залда акылгөй, чыгармачыл, таланттуу айымдар чогулган. Сиздер өлкөнүн өнүгүшү үчүн зор күч-кубат жумшадыңыздар. Сиздерге терең таазим! Сиздер, бардыгыңыздар – биздин энелерсиздер, биз – сиздердин уул-кыздар, сиздер жалгыз эмессиздер! Ар бирибиз ата-энебизди сүйүп, урматтап, аларга камкордук көрүүгө тийишпиз! Мен балдардын жана карылардын үйлөрү жок болушун чын жүрөктөн каалайт элем, балдар жана улгайган адамдар үй-бүлөдө, сүйүү жана камкордукка курчалып жашашы керек. Биз өсүп келе жаткан муунду улууларга, ата-энесине урмат көрсөтүүгө тарбиялашыбыз керек. Биз сиздердин жашоону жакшыртуу үчүн иштөөгө тийишпиз», - деди Улукбек Марипов. 


Мекеменин жашоочулары өз кезегинде Өкмөт башчыга жооптуу ишинде ийгиликтерди каалап, ар бирибизге жана жалпы мамлекетибизге гүлдөп-өсүүнү каалашты. 


«Кыргыз эли үчүн адилеттүү, калыс Премьер-министр болуп, мамлекетибизге татыктуу кызмат өтө», - деди жашоочулардын бири.


Премьер-министр ошондой эле социалдык мекеменин кызматкерлерин 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, аларга ден соолук, бакыт-таалай жана иштерине ийгиликтерди каалады.


Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы боорукердик бөлүмүндөгү саламаттыгынын абалы начар жарандардан кабар алып, алардан ал-жайын сурады. 


Кыдыруунун алкагында ал социалдык мекемедеги жашоо шарттары менен таанышты.


Ведомство тарабынан мекеменин жашоочуларын басуу үчүн скандинавиялык таяктар менен камсыздоо өтүнүчү айтылды.


Премьер-министр мекемеге скандинавиялык таяктарды сатып алышарын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн