Кулжа 11, 2025
Убакыт: 03:42
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.105
1.135

Улукбек Марипов Меккеде кыргызстандык зыяратчылар менен жолукту

10.06.2025 10:45
27
Улукбек Марипов Меккеде кыргызстандык зыяратчылар менен жолукту


Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов 7-июнда Мекке шаарында Эки Ыйык Мечиттин Камкорчусу Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун атынан уюштурулган расмий кабыл алууга катышты.


Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жогорку деңгээлдеги иш-чара чет мамлекеттердин жетекчилеринин жана жогорку кызмат адамдарынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын, белгилүү ислам ишмерлеринин жана аалымдарынын, ошондой эле ажылык сапарды уюштуруу үчүн келген делегация башчыларынын катышуусунда өттү.


Кабыл алууда элчи Марипов Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы, премьер-министри Мухаммад бин Салман Аль Сауд менен жолугушуп, САП жетекчилигин жана элин президент Садыр Жапаровдун атынан Курман Айт майрамы менен куттуктады. 


Ошондой эле ал республиканын жетекчилигинин атынан ажылыктын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирилди.


Буга чейин Марипов Меккеге болгон жумушчу сапарынын алкагында кыргызстандык ажылар жана ажылык сапарды уюштуруу боюнча республикалык штабдын мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрүп, алардын шарттары менен таанышкан.


Жолугушууда кыргызстандык зыяратчылар өлкө жетекчилигине жана ажылык сапарды уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.


Белгиленгендей, быйыл Сауд Аравияга ажылык зыярат кылуу үчүн Кыргызстандан 6 миңден ашуун зыяратчы келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн