Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:22
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Улукбек Марипов САПтын Тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинин башчысы менен жолугушту

14.12.2022 08:41
623
Улукбек Марипов САПтын Тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинин башчысы менен жолугушту

Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиясынын Тышкы иштер министрлигинин Азия өлкөлөрү департаментинин жаңы дайындалган башкы директору Мухаммад Алматрафи менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, маектештер эки тараптуу кызматташтыктын бардык спектринин учурдагы абалын, ошондой эле аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Жолугушууда эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурулуп, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну чыңдоо маселелери талкууланды. Ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар 2022-жылы эки өлкөнүн борборлорунда болуп өткөн ар кандай деңгээлдеги эки тараптуу иш-чараларды, өзгөчө тышкы иштер министрлеринин өз ара расмий сапарларын, ТИМдер аралык саясий кеңешмелерин, парламенттер аралык достук топторунун сапарларын, Кыргыз-Сауд бизнес форумун, кыргыз товарларынын көргөзмө-жарманкесин, биргелешкен Кыргыз-Сауд кызматташтык комитетинин 3-жыйынын, ошондой эле дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган башка эки тараптуу иш-чараларды канааттануу менен белгилешти.

Жолугушуунун соңунда элчи У.Марипов менен М.Алматрафи тыгыз макулдашылган бирдиктүү ишти улантууну, ошондой эле алдыдагы бийик деңгээлдеги сапарлардын алкагында кол коюуга пландаштырылып жаткан түрдүү тармактардагы документтердин долбоорлорун илгерилетүүнү макулдашышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн