14-февралда Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Падышалыктын тышкы иштер министринин орун басары Халид Файсал Аль-Сейлиге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.
Министрдин орун басары Мариповду кызматка дайындалышы менен куттуктады.
"Элчи президент тарабынан берилген тапшырмаларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого убада берди",- деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (2)