Бугу 07, 2024
Убакыт: 00:20
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Улукбек Марипов Түркиядагы өрткө байланыштуу көңүл айтты

07.08.2021 18:58
939
Улукбек Марипов Түркиядагы өрткө байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай менен телефондук сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Улукбек Марипов жалпы түрк элине адам курмандыктары менен коштолгон токойдогу өрт кырсыктарына байланыштуу көңүл айтып, жабыркагандарга тез арада калыбына келүүсүн каалады.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын 10-кеңешмесин өткөрүүнүн жаңы датасын талкуулады.


Белгилей кетсек, 6-7-августка пландаштырылган 10-кеңешме Түркия Республикасындагы токойлордогу өрт кырсыгына байланыштуу кийинкиге жылдырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн