Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Улукбек Марипов кагаздарга кол койгондон коркуп жатабы?

03.09.2021 10:26
1068
Улукбек Марипов кагаздарга кол койгондон коркуп жатабы?

Улукбек Марипов алдындагы кагаздарга кол койгондон коркуп жатат. Мындай пикирин журналист Тынчтык Алтымышев билдирди.


Анын айтымында, Марипов "Эртең эмне болуп кетет деп" кооптонууда.


"Улукбек Асамидинович, сактыктын да чеги бар да! "Эртең эмне болуп кетем..."деп эле алдыңыздагы кагаздарга кол койгондон коркуп отура бересизби? Канча кагаз жатат сүрсүп? Эл айтып атат "кээ бир кагаздарды вотсап менен Эсеп палатанын аудиторлоруна жиберип, "карап бергилечи, кол койсом мыйзам бузуу жокпу?" деп отурат" деп. Ушунчалыкка баргандан көрө министрлер кабинетинин колун кармабай кетип калыш керек го?


Азыр ар бир күн жылга тете. Канча иштер калып жатат? Айрыкча өндүрүштө. Мартта салган сырьелор сентябрда келип жатканы эмне тамтык? Жолдорду ачып, бажы, салык төлөмдөрүн карап көңүлдөнүп иштейсизби же жокпу?",- деп билдирүү калтырган журналист.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Чомоева
Коркот да Канча премьерлер соттолуп жатса.. Бийлик камай берсе эч ким иштебейт