Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 13:22
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Улукбек Марипов тажик агрессиясынан жабыркаган аймактарды кыдырды

21.07.2021 16:35
1489
Улукбек Марипов тажик агрессиясынан жабыркаган аймактарды кыдырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жумушчу сапарынын жүрүшүндө Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына барып, Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуялардын натыйжасында жабыркаган турак-жайларды жана социалдык объектилерди калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


«Финансылык маселелер чечилген. Каражат бөлүнгөн. Объектилердин курулушун гана жыйынтыктабастан, инфраструктураны, анын ичинде негизги көчөлөрдү асфальтташтыруу жана жарыктандыруу маселесин чечүү зарыл. Тургундар ыңгайлуу жашоо үчүн бардык зарыл шарттар менен камсыздалышы тийиш», - деди Улукбек Марипов.


Андан соң Марипов кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын жүрүшүндө жабыркаган Лейлек районунун Максат айылындагы чек ара постуна барды.


Учурда аскер объектисин калыбына келтирүү боюнча активдүү иш жүрүүдө.


Ошондой эле Улукбек Марипов кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын жүрүшүндө талкаланган Максат айылындагы орто мектепке барды.


«Мектептин калыбына келтирүү иштери толугу менен бүткөрүлгөн. Мектеп 1-сентябрда окуучуларды тосуп алууга даяр», - деп белгиледи Улукбек Марипов.


Баткен облусуна сапарынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Лейлек районунун Кулунду жана Сада айылынын тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлүү маселелерин укту.


Белгилей кетсек, Максат айылында фельдшердик-акушердик пункттун курулушу жыйынтыкталуу алдында турат, милициянын аймактык бөлүмүнүн имараты капиталдык ремонттон өткөрүлдү, Максат айылындагы мектеп толугу менен калыбына келтирилген, ал эми 100 орунга эсептелген «Сейтек» балдар бакчасынын курулушу 70%га жыйынтыкталган.


Мындан тышкары, 10 турак жайдын курулушу жыйынтыкталып, 40 турак жайдын курулушу 70%га бүткөрүлгөн. Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында жалпысынан 83 турак-жай объекти курулмакчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн