Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:28
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Улукбек Ормонов: Россияга болгон аба каттамдар коммерцияга айланып, орус компаниялар пайда көрөт

21.01.2021 11:43
507
Улукбек Ормонов: Россияга болгон аба каттамдар коммерцияга айланып, орус компаниялар пайда көрөт

Бишкек - Москва рейсине билеттер коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу бизде бир нече эсе кымбат. Бул тууралуу депутат Улукбек Ормонов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, Бишкек-Москва жана Ош-Москва аба каттамдары ири коммерциялык долбоорго айланып, ал жакта орусиялык авиакомпанияларга артыкчылык берилет. Депутат Кыргызстандын үлүшү өтө эле аз болгонун кошумчалады.


«Көрсө, жума сайын Бишкек шаарынан 40 рейс учуп турат, анын экөөсүн гана кыргыз компаниясы тейлейт экен. Ош шаарынан 49 каттам бар, анын 38и орусиялык компания. Буга чейин билинбеген көптөгөн авиакомпаниялар пайда болуптур. Ташкент - Москва 23 миң сом, Алматы - Москва - 17 миң, Душанбе - Москва - 33 миң, ал эми Бишкек - Москва - 83 миң сомго чейин турат. Демек, биздин жашоочулар эң бай адамдарбы?», - деди эл өкүлү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн