Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:22
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеону тараткан жаран кармалды

14.10.2020 16:09
921
Улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеону тараткан жаран кармалды


Социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутуп  сүйлөгөн жарандын видеосу тарап, коомдук кызуу талкуу жараткан. Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүндө (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин Криминалдык милиция  кызматы тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, видеодогу жарандын өздүгүн такташкан. Ал Ош облусунун  И.у.Т. жашоочусу экендиги аныкталды.  


Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө И.у.Т. милиция кызматкерлерине  улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган бул чагымчыл видеону тартпагандыгын, ал монтаждалгандыгын  билдирген.  “Мен кыргыз, казак элин бөлүп-жаргандан алысмын. Бул видео кантип монтаждалгынын мен билбейм, муну милиция кызматкерлери аныктап, тактап берет деген ишеничтемин”,- деп   И.у.Т. билдирди.


Ички иштер министрлиги жарандарды расмий маалыматтарга гана ишенип, чагымчыл, жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Коомдук тартипти бузган  бардык жарандар милиция кызматкерлери тарабынан такталып, мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн