Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 13:08
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Улуттук банк 40,7 млн долларга интервенция жасады

10.06.2024 09:47
714
Улуттук банк 40,7 млн долларга интервенция жасады


7-июнда Кыргызстандын Улуттук банкы 40 млн 700 миң долларга валюталык интервенция жасады. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат.

Улуттук банк ушуну менен жыл башынан бери 9-ирет чет элдик валютаны сатып алып, тескери интервенция жүргүзүүдө.

Кыргызстанда учурда расмий курс боюнча 1 доллар 87,23 сомду, евро 94,99 сомду түзүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук банк 4-июнда 16 млн 900 миң, доллар, 21-майда — 31,5 млн доллар, 7-майда — 17,7 млн доллар, 26-апрелде — 24,5 млн доллар, 22-апрелде — 25 млн 850 миң доллар, 16-апрелде — 19,2 млн доллар, 8-апрелде - 17,1 млн доллар жана 29-мартта 9 млн доллар сатып алган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн