Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 18:32
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Улуттук банк “Ат чабыш" күмүш коллекциялык тыйынын жүгүртүүгө чыгарат

29.07.2024 12:22
915
Улуттук банк “Ат чабыш" күмүш коллекциялык тыйынын жүгүртүүгө чыгарат


Улуттук банк 1-августтан тарта "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" сериясындагы "Ат чабыш" күмүш коллекциялык тыйынын жүгүртүүгө чыгарат.


Башкы банктын маалыматына караганда, тыйындар 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат. Анын баасы 5 580 сомду түзөт.


Тыйындын алдыңкы бетинде така түрүндө салынган ат майданда ат чаап бараткан эки чабандес чагылдырылган. Алдыңкы бетинин жогору жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасы жана монетанын "Ат чабыш / At Chabysh" деген аталышы, ошондой эле номиналы (10 сом) түшүрүлгөн.


Тыйындын арткы бетинде да жарышка түшкөн чабандестердин сүрөтү берилген. Ортосунда Кыргызстандын герби, жогору жана төмөн жагында "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World Nomad Games" деген жазуу түшүрүлгөн. Тыйындын сол жагында чыгарылган жылы (2024), оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) менен салмагы (31,10 g) берилген.


"Ат чабыш" коллекциялык монетасы өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн