Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Улуттук банк Кытайдын ири банктарынын бири менен меморандумга кол койду

20.10.2023 10:44
841
Улуттук банк Кытайдын ири банктарынын бири менен меморандумга кол койду


Пекин шаарында Кыргызстандын Улуттук банкы жана China Construction Bank Corporation ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Улуттук банктан билдиришкендей, кол коюу аземи Кытай өткөн “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында эл аралык кызматташуу боюнча саммит алдында болуп өттү.

Меморандумда Улуттук банк менен ССВ ортосунда банк чөйрөсүндө өз ара кызматташуу каралган, бул Кыргызстан жана Кытайдын финансы рынокторунун өнүгүүсүнө алгылыктуу таасирин тийгизет.

Меморандумга кол коюу иш-чарасына Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоев жана China Construction Bank Corporation банкынын вице-президенти Джихон катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн