Чын курандын 17, 2024
Убакыт: 01:05
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Улуттук банк алтын куймаларын сатууга чыгарды

26.05.2023 10:50
862
Улуттук банк алтын куймаларын сатууга чыгарды

Кыргызстандын Улуттук банкы алтын куймаларды биржада сатууга чыгарды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Кыргызстандын ички рыногунда баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү, анын ичинде зергерчилик тармагын чийки зат менен камсыздоо жана баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүнү арттыруу максатында Улуттук банк "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коому ("КФБ" ЖАК) менен биргеликте "Кыргызалтын" ачык акционердик коому тарабынан даярдалган салмагы 10 900 граммдан 13 400 граммга чейинки аффинаждалган алтын куймаларын Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтында сатууну баштады.


Кыргыз фондулук биржасында аффинаждалган алтын куймаларын сатууга катышуу жана сатып алуу шарттары боюнча кеңири маалымат "КФБ" ЖАКтын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн