Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

29.08.2023 11:22
775
Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды


Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта көзөмөл органынын байланыш жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов билдирди.


Анын айтымында, чечим бир күн мурун, 28-августта кабыл алынган.


«Чечим ички инфляциялык процесстерди андан ары басаңдатат жана орто мөөнөттүү келечекте инфляциянын 5-7% деңгээлинде максаттуу көрсөткүчтөргө жетишет», - деди ал.


Султанкулов кошумчалагандай, 2023-жылдын августунда инфляция жылдык мааниде 9,4%ды, ал эми жыл башынан бери 5,3%ды түзгөн.


Ошону менен бирге, анын айтымында, жакынкы жана орто мөөнөттүү келечекте инфляциялык тобокелдиктер сакталууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн