Улуттук банк сомдун кунун сактоо максатында кайрадан валюталык интервенция жүргүздү. Аталган мекеменин расмий сайтындагы маалыматка ылайык бул жолу Улуттук банк 5,8 миллион доллар саткан.
Мына ушуну менен бул интервенция бул айда эле тогузунчу интервенция болуп калды.
Жалпы бир айдагы интервенциянын көлөмү 67,5 миллион долларды түздү.
Бүгүнкү күндо доллардын расмий курсу 84,8 сомду түзүүдө.
Пикирлер (1)