Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Улуттук банк октябрь айында биринчи жолу валюта рыногунда интервенция жасады

06.10.2023 12:09
607
Улуттук банк октябрь айында биринчи жолу валюта рыногунда интервенция жасады

Улуттук банк октябрь айында биринчи жолу валюта рыногунда 27,2 млн долларга интервенция жасады. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында айтылат.

7,2 миллион долларды сатуу операциянын күнү менен белгиленди. 19,95 миллион доллар интервенция датасынан башка датага эсептешүү менен сатылган.

Жыл башынан бери Улуттук банк долларды сатуу боюнча жалпы суммасы 610 миллион 840 миң долларды түзгөн 12 интервенция өткөрдү.

Белгилей кетсек, интервенцияга доллардын курсунун кескин өзгөрүшү себеп болгон. Ал бир заматта 20 тыйынга кымбаттады. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү бардык коммерциялык банктар америкалык валютаны сатууда бирдей курсту — 88,97 сомду белгилешүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн