Бугу 20, 2024
Убакыт: 09:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Улуттук банк төрагасы OIC-COMCEC борбордук банктарынын форумуна катышты

27.09.2023 13:31
668
Улуттук банк төрагасы OIC-COMCEC борбордук банктарынын форумуна катышты


Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Боконтаев OIC-COMCEC борбордук банктарынын форумунун 5-отурумунун ишине катышты.

Улуттук банктан билдиришкендей, форум 24-25-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кубанчыбек Боконтаев Түркиянын Борбордук банкынын төрайымы Хафизе Гайе Эркан менен жолугушту.

Мындан тышкары, форумдун алкагында Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Өзбекстандын Борбордук банкынын төрагасы М.Нурмуратов жана Казакстандын Улуттук банкынын төрагасы Т.Сулейменов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууларда тараптар экономикалык кырдаал жана көрүлүп жаткан акча-кредит чаралары тууралуу пикир алмашып, санариптик валюталарды киргизүүнү өнүктүрүү жана эки өлкөнүн борбордук банктарынын ортосунда банк жана финансы чөйрөлөрүндө эки тараптуу кызматташууну чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн