Чын курандын 11, 2025
Убакыт: 15:25:21
USD
87.40
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.025
1.065

Улуттук банк валюта рыногуна 51,6 млн доллар сатты

09.08.2024 11:04
355
Улуттук банк валюта рыногуна 51,6 млн доллар сатты


Кыргызстандын Улуттук банкы чет элдик валютаны сатуу боюнча интервенция жасады.

Улуттук банктын сайтындагы маалыматка караганда, валюта рыногуна 51 млн 650 миң АКШ доллары сатылды.

Белгиленгендей, бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 19 млн доллар жана бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 32 млн 650 миң доллар сатылган.

Учурда доллардын расмий курсу 85,12 сомду түзүүдө. Коммерциялык банкттарда доллар 85,40 сомдон сатылып алынса, 85,90 сомдон сатылууда.

Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногуна 90 млн 150 миң доллар сатты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн