Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 07:01
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Улуттук банк валюта рыногунан 34,3 млн доллар сатып алды

12.07.2024 10:20
1086
Улуттук банк валюта рыногунан 34,3 млн доллар сатып алды


Кыргызстандын Улуттук банкы 11-июлда тескери интервенция жасап, валюта рыногунан 34 млн 300 миң АКШ долларын сатып алды. Бул тууралуу банкттын сайтында маалымдалды.

Ошентип, Улуттук банк бүтүмдүн датасы боюнча эсептешүүлөр менен 17,5 млн доллар жана бүтүмдүн датасынан башка дагы 16,8 млн доллар сатып алган.

Бул жыл башынан бери чет элдик валютаны сатып алуу боюнча 11-интервенция.

Азыркы учурда доллардын расмий курсу төмөндөп жатат, 13-июлга карата 1 доллар - 85,31 сом, ал эми евро - 92,54 сомду түзүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук банк 19-июнда – 62,5 млн доллар, 7-июнда – 40,7 млн доллар, 4-июнда 16 млн 900 миң доллар, 21-майда – 31,5 млн доллар, 7-майда – 17,7 млн доллар, 26-апрелде – 24,5 млн доллар, 22-апрелде – 25,850 миң доллар, 16-апрелде – 19,2 млн доллар, 8-апрелде – 17,1 млн доллар, 27-мартта – 9 млн доллар сатып алган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн