Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 04:43
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Улуттук госпиталда жаңы травматология бөлүмү ачылды

16.03.2022 11:54
880
Улуттук госпиталда жаңы травматология бөлүмү ачылды

Улуттук госпиталда капиталдык оңдоодон кийин жаңы корпустун ачылышы болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, иш-чара саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, анын орун басары Улук-Бек Бектургановдун, ошондой эле госпиталдын жетекчилиги жана жамаатынын катышуусунда өттү.


“Улуттук госпиталдын капиталдык оңдоодон өткөн имаратынын ачылыш аземине катышып отурабыз. Бул имарат көп жылдардан бери иштебей турган, эми бул жерге жаракат алган бейтаптар үчүн керебеттерди коюуну пландап жатабыз”, - деди Бейшеналиев.


Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаевдин айтымында, имараттын бир бөлүгүн оңдоо иштери аяктады, экинчи бөлүгүн оңдоо иштери жакында бүтөт.


Бул имаратта 95 орунга эсептелген чоңдордун ортопедиясы, муун патологиясы, сөөк-ириң бөлүмдөрүн, 6 жандандыруу керебетин жайгаштыруу пландалууда.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн