Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:01
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Улуттук гвардиянын 30 жылдыгы белгиленди

18.07.2022 12:07
410
Улуттук гвардиянын 30 жылдыгы белгиленди


Башкы штаб Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаранын сүрөттөрүн жарыялады.


Белгилей кетсек, майрамдык иш-чара кечээ, 17-июлда, борбордук "Ала-Тоо" аянтында өттү.

"Анда Улуттук гвардиянын Ардак кароол ротасынын жана аскердик оркестрдин өздүк курамы шаардыктарга жана конокторго саптык ыкмаларды жана дефилелерди көрсөттү. Ал эми "Пантера" атайын багыттагы аскер бөлүктүн десанттары Кыргызстан, Коргоо министрлиги, Улуттук гвардия жана Бишкек шаарынын туулары менен аянтка парашют менен түштү", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда жыл сайын 20-июлда Куралдуу күчтөрүнө караган Улуттук гвардиянын күнү белгиленет. Анын биринчи жоокерлери 1992-жылдын 20-июлунда ант берип, кызматтык милдетин аткарууга киришкен. Улуттук гвардия эгемендүү мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында 1991-жылы декабрь айында түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ал өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн өзгөчө бөлүгү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн