Бештин айы 04, 2024
Убакыт: 14:11
USD
86.65
87.15
EUR
90.80
91.80
RUB
0.820
0.860

Улуттук гвардиянын жоокери токмоктолуп, аскердик прокуратура текшерүү жүргүзүүдө

Улуттук гвардиянын жоокери токмоктолуп, аскердик прокуратура текшерүү жүргүзүүдө


Улуттук гвардиянын жоокери токмоктолуп, аскердик прокуратура текшерүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.


Маалыматка ылайык, келгенине 1,5 ай гана болгон жоокер 15-ноябрь күнү сабалып, кан аралаш заара кылып калган. Ал Кой-Таштагы ооруканага жатып, Улуттук госпиталга 22-ноябрда түшкөн.


Буга чейин соцтармактарда Улуттук гвардияда аскердик милдетин өтөп жаткан 18 жаштагы жоокер сержанттар тарабынан сабалып, бөйрөгү жанчылып, ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат тараган. Жоокерге "курч гломеруонефрит, нефрологиялык синдром" диагнозу коюлган.


Башкы прокуратура иш аскердик прокурордун жеке көзөмөлүнө өткөнүн, күнөөлүүлөр жазасын аларын кабарлаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн