Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:18
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Улуттук мамлекеттүүлүк идеясын түзбөсөк, куру саясаттын тегерегинде чурулдаша беребиз

06.04.2021 12:42
1234
Улуттук мамлекеттүүлүк идеясын түзбөсөк, куру саясаттын тегерегинде чурулдаша беребиз

ИДЕОЛОГИЯ жөнүндө мен 1993-жылдан бери көп эле макала  жазып, ал макалаларда бир эле ойду кайра-кайра көтөрүп, коомдук аң сезимге жеткирүүгө аракет кылып  келе жатам. Бүгүн дагы ошол эле ойду кайра дагы кайталап коюуну туура көрдүм.


ИДЕОЛОГИЯ  деген сөз гректердин idea (түшүнүк, кыял, элес) жана logos (окуу, таануу)  деген эки сөзүнөн турат.  Орустардын түшүндүрмө сөздүктөрүндө бул сөздүн эки мааниси берилет: 


1) саясий мааниде алганда коомду мүнөздөй турган түшүнүктөрдүн, көз караштардын, кыялдануулардын,элестетүүлөрдүн  системасы. Мисалы, коммунистик идеология, буржуазиялык идеология, либералдык идеология ж.б.; 


2) атайын маанисинде алганда белгилүү бир чечимге же  аракетке негиз болуучу  идеялардын жана талаптардын өз ара тыгыз байланышкан жыйындысы.  


Биз мамлекеттик идеология жөнүндө сөз кылганда ушул эки маанисин тең бирдей колдонсок болот. 


Мамлекеттик идеология жөнүндө талаш тартыш Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдан бери эле кайра-кайра көтөрүлүп, бирде күчөп, бирде бастап, бирок токтобой уланып келе жатат.            


Негизи, Кыргызстан кандай мамлекет болушу керек, анын ички түзүлүшү кандай болушу керек, адамга, коомго, бийликке, жер жана башка табигый байлыктарга карата кандай мамиле болуш керек деген сыяктуу өзөктүү маселелер өлкөнүн Конституциясында каралат. Ошол себептүү, идеология жөнүндө талаш-тартыш менен конституциялык реформанын тегерегиндеги талаш-тартыштын мааниси бир. Коомдо кайсы идеология үстөмдүк кылса өлкөнүн Конституциясы ошого ылайык  жазылат. Бул талашсыз маселе.  


Бизде элди шыктандырган, элди жигердүү аракеттерге көтөргөн идея жок болуп жатканынын башкы  себеби  - биз «улуттук идея», «улуттук  идеология» деген түшүнүктөр менен «мамлекеттик идеология» деген түшүнүктү ачык ажыратып түшүнбөй жатканыбызда.  Анткени  Батыш мамлекеттеринде «улуттук» менен «мамлекеттик» деген сөздөр бир эле мааниде колдонулат. Ошол себептен  алар «улуттук кызыкчылык»  менен «мамлекеттик кызыкчылык» деген түшүнүктөрдү айырмалашпайт. 


Биз болсо сөзсүз айырмалашыбыз керек, так айтышыбыз керек. Анткени,  Кыргызстан улуттук мамлекет. Кыргыз Республикасынын түзүүчүсү, анын ээси Кыргыз Эли. Эгемендүү Кыргызстан -  миңдеген жылдар бою элибиз аздектеп келген Улуу Тилек.  Ошондуктан,  биздин улуттук идеологиябыздын өзөгүн – Кыргыз улуттук мамлекеттүүлүк идеясы түзөт.  Бул талашсыз чындык. 


Ал эми улуттук мамлекеттүүлүк идеясынын өзөгү да, анын баш максаты да – бул Кыргыз элин улут катары сактап калуу жана анын омоктуу өнүгүүсүнө шарт түзүү, улуттук рухту жана ар-намысты бийик көтөрүү.            


Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына  ачык айкын жазылып, ошону менен бирге  мамлекеттин ички жана тышкы саясаты дагы ага толук баш ийдирилиши зарыл. 


Кыргыз Республикасында Кыргыз элинин улуттук өнүгүү кызыкчылыгына жооп бербеген, улуттук нарк жана дөөлөттөргө туура келбеген иш аракеттерге жол берилбөөгө тийиш. 


Эгерде биздин ой чабытыбыз  ИДЕОЛОГИЯ багытында ушул чындыкка жетпесе,  аны өз ишибизде  негиз кылып ала албасак, анда дагы да эле куру саясаттын тегерегинде чурулдашып жүрө берерибиз анык.  


Мына ушундан улам айтат элем - Конституция маселесинде, конституциялык реформа маселесинде башкы көйгөй өлкөнү ким башкара турганында эмес (парламент же президент), чындап келгенде бул маселенин эч кандай чечүүчү мааниси жок. 


Башкы маселе - бул Кыргыз Республикасынын  Баш мыйзамын  улуттук идеянын, улуттук кызыкчылыктын, улуттук нарктын негизинде түзүп чыгууда, ага  улуттук жүз берип,  мамлекеттик бийликти өз ээсине - Элге кайтарууда.


Эмилбек Каптагаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн