Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 146 ардагери бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жыл сайын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин саны азаюуда. 2020-жылдын 1-апрелине карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин саны 241 адам болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 146.
Алардын ичинен 33 майып, 85 катышуучу, 13 концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана 15 Ленинграддын блокадачылары. Ошондой эле 1304ү оорукта эмгектенген, 2 эмгек армиячысы, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин 5 үй-бүлөсү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн