Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 16:26
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

“Улуу-Журт” жана “Кыргызстан” партиясы бирикти

11.08.2020 14:22
1611
“Улуу-Журт” жана “Кыргызстан” партиясы бирикти

 

Бүгүн, 11-августта Улуу-Журт жана “Кыргызстан” саясий партиялары биригүү тууралуу меморандумга кол коюп, күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого чогуу бара турганын билдиришти.


Улуу-Журт саясий партиясынын лидери Аргынбек Малабаев өлкөнүн келечеги үчүн биригүү туура кадам экенин айткан.


Биздин партиянын курамын жаштар түзөт. Командадагы балдар Кыргызстан партиясында туруктуу жаштар көп экендигин айтышты. Партиянын бардык мүчөлөрү акылдашып, бул партия менен бирге шайлоого баруу чечимин кабыл алдык. Менин оюмча башка партиялар да биригүүгө барып, күчтүү альянстардын ортосунда саясий күрөш болуп, татыктуу партиялар парламентке келет деп ишенем, — деген Малабаев.


Ал эми “Кыргызстан саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев эки партиянын бириүү үчүн сүйлөшүлөр бир нече айлап созулганын айткан.


Мындай чечимге кыска убакыттын ичинде келип калдык деп айта албайбыз. Эки партиянын биригүүсү бир нече айларга созулду. Улуу-Журт партиясынын курамы, жасап жаткан иштери бизге жакын болгондуктан шайлоого бирге баруу боюнча чечимге келдик, — деген Исаев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн