Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын бир катар бөлүмдөрү убактылуу жабылат (тизме)

11.07.2020 15:01
1148
“Унаа” мамлекеттик ишканасынын бир катар бөлүмдөрү убактылуу жабылат (тизме)


Үстүбүздөгү жылдын 13-июлунан тарта Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик ишканасынын бир катар бөлүмдөрү жабылат.

Республикалык штабдан кабарлашкандай, Covid-19 вирусунун массалык жайылышын алдын алуу максатында жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн райондук борборлорунун эскертмелерине байланыштуу төмөнкү бөлүмдөр жабылууда:

- Бишкек шаардык бөлүмүнүн аймактар аралык сектору, Военно-Антоновка айылынын «Риом-авто» унаа базарынын аймагында жайгашкан;

- Сокулук-Москва бөлүмү, Шопоков шаарынын Машиностроительная көчөсү - 1 дарегинде жайгашкан;

- Чүй-Кемин бөлүмү, Токмок шаарынын 1-кичи району дарегинде жайгашкан;

- Талас аймактык бөлүмү, Талас шаарыны Э.Мадиев көчөсү - 2 дарегинде жайгашкан.

Эске салсак, 2020-жылдын 6-июлунан тарта эпидемиологиялык абалдын чукул начарлашына байланыштуу “Унаа” мамлекеттик ишканасынын Бишкек шаардык бөлүмү, Аламүдүн бөлүмү, Ысык-Ата, Нарын, Сүлүктү, Балыкчы, Каракол, Кочкор, Жумгал райондук бөлүмдөрү карантинге жабылган.

Унаа каражаттарын каттоо, квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү тармагында убагында жана үзгүлтүксүз мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү камсыздоо үчүн “Унаа” МИ калган аймактык бөлүмдөрү штаттык тартипте иштөөнү улантууда.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн