Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 21:56
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

«Унаа» мамлекеттик мекемеси 2020-жыл 189 миңден ашык айдоочулук күбөлүк берген

22.01.2021 17:31
909
«Унаа» мамлекеттик мекемеси 2020-жыл 189 миңден ашык  айдоочулук күбөлүк берген

Бүгүн, 22-январда «Унаа» мамлекеттик мекемесинин 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз  кызматы билдирди.


Кеңешмеге «Унаа» мамлекеттик мекемесинин 26 аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Акын Мамбеталиев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ведомствонун мындан аркы өнүгүүсү боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

"Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндө өткөн жылы «Унаа» мамлекеттик мекемеси тарабынан 309 миң 870 кызмат көрсөтүлгөн. Бул көрсөткүч унаалар алгачкы каттоо жана аларды кайра каттоону да камтыйт. 2020-жылы 413 миң 218 мамлекеттик номер белгилери, 250 миң 38 транспорт каражаттарын каттоо тууралуу күбөлүктөр берилген. Ошондой эле улуттук, эл аралык үлгүдөгү жана тракторист-машинисттин 189 миң 526 айдоочулук күбөлүктөрү берилген", - деп айтылат маалыматта.


Мындан тышкары өлкөнү санариптештирүү жана МКК тарабынан берилүүчү документтерди алууну жеңилдетүүнүн алкагында жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында өткөн жылы Бишкекте «бирдиктүү терезе» принциби менен биринчи АвтоКТБ ачылды.


Азыркы учурда АвтоКТБларды ачуу максатында «Унаа» мамлекеттик мекемесинин карамагында турган Каракол, Кара-Балта жана Талас шаарларындагы имараттарды оңдоп түздөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле борбор калаанын батыш бөлүгүндө дагы бир АвтоКТБ ачуу маселеси каралууда.


2020-жылы транспорттук каражаттарды каттоодо жана айдоочулук курамды документтештирүүдө бир катар жол-жоболор жөнөкөйлөтүлгөн.


Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн алкагында 2021-жылы транспорт каражатынын электрондук паспортторун (ЭТТС) киргизүү пландаштырылууда, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында электрондук айдоочулук күбөлүктөрдү жана транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгүн киргизүү пландаштырылууда. Долбоордун апробациясы жыл ичинде Бишкекте өткөрүлөт.


Пилоттук түрдө сыналуучу, транспорт каражаттарын башкарган адамдарды бет түзүлүшү боюнча идентификациялоо боюнча программалык чечим келечекте айдоочунун күбөлүктүн жана транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн электрондук түрүнө өтүүгө мүмкүндүк берет, электрондук документтер мобилдик тиркемелер аркылуу сунушталат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн