Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Унаа токтотуучу жайларда жол тандабастардын ээлери көп төлөй баштайт

20.10.2021 14:33
764
Унаа токтотуучу жайларда жол тандабастардын ээлери көп төлөй баштайт

Германиянын түштүк-батышындагы Тюбинген шаарында жол тандабас унааларды унаа токтотуучу жайларда токтотуу кымбаттайт.  Бул тууралуу "Евро-ньюс" кабарлады.


Буга чейин шаардын борборунда автоунаа калтыруу мүмкүнчүлүгү жергиликтүү тургундарга жылына болгону 30 еврону түзсө,  2022-жылдын 1-январынан тартып бул көрсөткүч төрт эсе көбөйөт: 120 еврого чейин.


Өзгөчө жол тандабас жана салмагы 1800 килограммдан ашык унаалардын ээлери жабыркайт. Алар шаарга жылына 180 евро төлөшү керек болот.


Мындай сунуш шаары мэри тарабынан көтөрүлүп, ал жарандарды экологиялык электрмобилдерге өтүү үчүн ушундай ыкма колдонулуп жатканын айткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн