Бугу 05, 2024
Убакыт: 10:13
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Унаалардын айнектерин караңгылатуудан бюджетке дээрлик 70 млн сом түштү

09.08.2022 15:27
968
Унаалардын айнектерин караңгылатуудан бюджетке дээрлик 70 млн сом түштү

Унаалардын айнектерин караңгылоого уруксат берүүдөн республикалык бюджетке 70 млн сомго жакын каражат түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемеси 2022-жылдын 1-июнунан тартып жеңил транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылоого уруксат берүүнү каттоо процедурасы башталганын эскертет.


2022-жылдын 8-августуна карата 864 уруксат берүү катталып, республикалык бюджетке 69 млн 740 миң сом түштү.


Уруксатты каттоого ниеттенген баардык адамдар транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк жана паспорт же ишеним кат менен ИИМдин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин каалаган аймактык каттоо бөлүмүнө же секторуна кайрылса болот.


Каттоо процедурасы 30 мүнөттөн ашпайт.


Уруксат берүүнүн наркы:


- жеке адамдар үчүн - 80 миң сомду,


- юридикалык жактар үчүн - 100 миң сомду,


- резидент эместер үчүн 120 миң сомду түзөт.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн