Унаалардын терезелерин караңгылатуудан бюджетке 54 миллион сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу министр Улан Ниязбеков маалымат жыйында билдирди.
Белгилей кетсек, өлкөдө автоунаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга 23-майдан тарта уруксат берилген. Ага ылайык бир жылдык мөөнөткө жеке жактар 80 миң, юридикалык жактар 100 миң жана чет элдиктер 120 миң сом төлөп караңгылата алат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн