Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 11:43
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Унаасы менен жол инспекторун сүйрөткөн журналист айым окуяны саясий каралоо деп атады

13.03.2020 16:34
3341
Унаасы менен жол инспекторун сүйрөткөн журналист айым окуяны саясий каралоо деп атады


Ош шаардык кеңешине “Эмгек” партиясынан талапкерлигин койгон Жылдыз Бекбаева аны каралоо иштери жүрүп жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.


“Урматтуу достор, замандаштар кечээтен бери мага башталган каралоо маалымат компаниясы старт алды. “Тар жол, тайгак кечүүдө” мени сындырам деп ыплас иштерин башташты. Эң кызыгы ошол каралоо компаниясында журналисттер, менин кээ бир кесиптештерим курал болуп берип жатышат. Кези келгенде алар да түшүнөт. Саясий партиялардан мага сунуштар түшүп жатканда мен ушундай болоорун билип тараза ташын акыркы моментке чейин ойлонуп таразалап акыры “Эмгек” партиясынан талапкер болуп аттангам”, - деп жазды Бекбаева.


Ал ошондой эле  тартип сакчылары менен бир нече ирет соттошуп жеңилбегенин, азыр да өзүн мыйзамдуу түрдө коргой ала турганын жазган. 


"Учурдан пайдаланып артымдан бычак сайгандар сиздерге да ыраазычылык, болот ошентип курчуй берет. Кимдин ким экени ушундай тар жолдо билинет. Менмин деген ОПГшниктер менен айлап жылдап соттошуп да сынбагам. Али да болсо туруштук берем. Болгону балдарыма кыйын болду алар мен көтөргөндү али көтөрө албайт, канатыма бекитип болгон айламды кылып арачалайм", - деп жазган журналист айым. 


Эске салсак, Ош шаарында журналист айым Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын  кызматкеринин айтканын укпай, унаасы менен бир нече метрге сүйрөп кеткен.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бакыт
Ээ ошентип мактаныпсың,сынбадым деп,эээ сендей байлыгы сасык байлар эч сынбайт,бирок Жаратканым Аллахым сындырат,гөзө миң күндө сынбайт,бир кундө сынат,ошону эске ал!