Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салган адамды тааный турганын билдирди. Бул тууралуу ал 24.кг агенттигине айтып берди.
Анын айтымында, Ыбыш Эшпаев анын өкүл баласы эмес.
"Чолпон Сыдыкованы Токмок шаарынын депутаты катары тааныйм. Аны менен жолугушканда сүйлөшүп алабыз.
Ал эми Өмүрбек Текебаев менен мамилем жакшы. Көргөндө саламдашып турабыз.
Ага кол салган бала менин өкүл балам же айдоочум эмес. Мен аны Токмок шаарынын тургуну катары тааныйм",- деди Самаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн