Бугу 09, 2024
Убакыт: 02:26
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Үшүк жүрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

30.09.2021 09:36
798
Үшүк жүрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдыда күтүлүп жаткан аба-ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. 


КР Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык: 2021-жылдын 1-4-октябрларында туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-3 октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт, абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө 5…10°, Талас өрөөнүндө 4…9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 9…14°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 4…9° жылуу болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 


3-5-октябрларда түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2°, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт. 


Үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн