Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 19:35
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ууланып өлгөн улуттун мыкты уулу

25.10.2021 11:23
1817
Ууланып өлгөн улуттун мыкты уулу


Төрөгелди Балтагулов 1966-жылы 16-февралда табышмактуу каза болгон. Ошондо ал болгону 46 гана жашта эле. Анын талапкерлиги Кыргызстан Компартиясынын 1-Катчылыгына Москва тарабынан жактырылып, жүзөгө ашаарына 10 күн калганда уу берилип, анын кесепетинен каза болгону айтылып келет. Быйыл Төрөгелди Балтагуловдун 100 жылдык мааракеси кичи мекени Ала-Бука жергесинде башталып, өлкө аймагында кеңири белгиленип, өткөн жумада Бишкекте жыйынтыктоочу жыйыны менен аяктады.


Төрөгелди Балтагулов Улут лидери Исхак Раззаковдун эң ишенимдүү кадры жана эң жакын, сырдаш шакирти болгон.


Негизи эле өткөн кылымдын 60-80-жылдары Республиканы жетектеп калат деген мыкты жетекчилер Б. Мураталиев унаа кырсыгынан, Төрөгелди Балтагулов ууландырып, Султан Ибраимов киши колдуу болуп каза болушса, Болот Мамбетов менен Кеңеш Кулматов кызматтан четтетилип, мекенин таштап, Москвага кетүүгө аргасыз болушкан.


Тарыхта табышмактуу, ачык жазылбай, айтылбай келген сырлар дале көп...



Кыяс Молдокасымов, тарыхчы

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Коля
Кыяз Молдокасымов кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал тарыхчы, ушундай маалыматты билсе жаап жашырбай ачык кыргыз элине теле аркылуу, басып откон жетекчилерди айтып бербейби. Чынында азыр коп эл билбейт.