Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:11
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Үй-бүлө деген керемет нерсе да! Ошон үчүн кээ бир эркектер экиден үй-бүлө күтүшөт

10.12.2023 12:22
410
Үй-бүлө деген керемет нерсе да! Ошон үчүн кээ бир эркектер экиден үй-бүлө күтүшөт


Адам бирдеке издеп дүйнө кезет, бирок издегенин кайра келип үйүнөн табат. 

(Джордж Мур)


Үй-бүлө  жаратылыштын шедеврлеринин бири. 

(Джордж Сантаяна)


Бактылуу үй-бүлө  бул дүйнөдөгү бейиш. 

(Джон Боуринг)


Өзүнүн үй-бүлөсүн таштап кеткен эркек – ал эркек эмес. 

(“Крестный отец” тасмасынан)


Үй-бүлө баардык нерсени алмаштырат. Ошондуктан үй-бүлө күтөрдөн мурда ойлонушуң керек: сага үй-бүлө керекпи, же баардык нерсеби?

(Фаина Раневская)


Күчүңдү ишке, кечиңди үй-бүлөңө арна. 

(Джина Уилкинс)


Үй-бүлө балдардан башталат. 

(А.И.Герцен)


Үй-бүлөнү жубайлардын бири башкарганы жакшы. А эгер сүйүү башкарса, ого бетер жакшы. 

(Ольга Муравьева)


Бул жашоодо баардык нерсени алмаштырса болот, бирок аялың менен балдарыңды эч нерсеге албаштыра албайсың. 

(Пабло Эскобар)


Эгер качандыр бир кезде адамзат коому үй-бүлөсү жок эле жашай баштаса, анда ал селсаяктардын коому болуп, жасалма өсүмдүккө окшоп калат. 

(Муаммар аль-Каддафи)


Үй-бүлө  кыйынчылыкты чогуу тартып, өзүн өзү курмандыкка чалуунун мектеби, 

(Николай Александрович Бердяев)


Дегинкиси, бир аял менен жашагандын өзү баатырдык. Өмүр бою чогуу жашаган болсо – эрдик. 

(Олег Иванович Янковский)


Күйөөсү бар, бирок эркеги жок үйдө гана “бул үйдө ким кожоюн?” деген суроо берилет. 

(Павел Курьянофф)


Мекенге болгон сүйүү үй-бүлөдөн башталат. 

(Фрэнсис Бэкон) 


Үй-бүлөлүк турмушта күн дайыма эле ачык болбойт. 

(Марк Леви) 


Үй-бүлөнү адилеттиктин негизинде сактоо мүмкүн эмес. Ал сүйүүнүн негизинде сакталат. 

(Рейнхольд Нибур)


Эгер үй-бүлөңдөгүлөрдүн кемчилигине чыдап, кечире албасаң, чоочундардын кемчилигине кантип чыдайсың?

(Чак Паланик) 


Өз үйүндө бактылуу болгон киши гана чыныгы бактылуу. 

(Лев Толстой)


Кыямат башталса да сенин жаныңда солк этпей турчу кишилер бар – бул сенин үй-бүлөң. 

(Джим Батчер)


Үй-бүлөсү жок киши дайыма калчылдап, үшүп жүрөт. 

(Андре Моройс)


Аялы менен күйөөсү бири-биринин үнүн укпаган учурда алардын үнүн кошуналар угушат. 

(Константин Мелихан)


Нике  бул анча-мынча талаш-тартыштардан турган узак сүйлөшүү. 

(Р. Стивенсон)


Үй-бүлөдө ынтымак болушу үчүн ар кандай кунду төлөш керек. 

(Сандей Аделаджа)


Кудай, Мекен, Үй-бүлө. 

(Антониу ди Оливейра Салазар)


Бакыт – бул эртең менен жумушка, кечинде болсо үйгө баргың келгени. 

(Олег Рой)


Үй-бүлөдө же эки артист болуш керек, же бир да артист болбошу керек. 

(Ирина Алферова)


Өз үй-бүлөңдүн коргоочусу бол. 

(Хилон)


Үй-бүлө  бул жогорку сот, анын отуруму түнкүсүн да токтобойт. 

(Малькольм де Шазаль)


Үй-бүлө деген керемет нерсе да! Ошон үчүн кээ бир эркектер экиден үй-бүлө күтүшөт. 

(Адриан Декурсель)


Никеде чейрек кылым жашап көрмөйүнчө бир да эркек, бир да аял чыныгы сүйүү эмне экенин түшүнбөйт. 

(Марк Твен)


Өз үй-бүлөсүнө кам көрбөгөн киши эч качан байыбайт. 

(Навахо индеецтеринин накылы)


Жакшы үй-бүлөнүн күйөөсү дүлөй, аялы сокур. 

(Француз накылы)


Мамат Сабыров 
Булак: "Азия Ньюс" гезити


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн