Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 22:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Үй-бүлө институтун бекемдөө жана өркүндөтүү максатында уюштурулган "Кучак" акциясынын жеңүүчүлөрү сыйланды

02.06.2024 11:19
462
Үй-бүлө институтун бекемдөө жана өркүндөтүү максатында уюштурулган "Кучак" акциясынын жеңүүчүлөрү сыйланды


Кечээ, 1-июнь Эл аралык балдарды күнүнө карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан, үй-бүлө институтун бекемдөө жана өркүндөтүү максатында,  “Менин өлкөм – менин үй-бүлөмдөн башталат” деген девизде  “Кучак” аттуу  үй-бүлөлөр арасында  интернет тармагында жарыяланган бир айлык акциянын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү сыйланышты.


Эмгек министри Гулнара Баатырова  белгилегендей, үй-бүлө-биздин коомдун негизги уюткусу. “Байыртадан үй-бүлө адамдын жашоосунда эң негизги ролду ойнойт. Улууларды урматтоо, үй-бүлөлүк бекем байланыш, баланы тарбиялоо жана ага кам көрүү, каада-салты сактоо сыяктуу баалуулуктар Кыргызстан мамлекетинин өнүгүү тарыхы менен далилденген. Бүгүн биз ушул “Кучак” акциябыз менен, жашоонун кыйынчылыктарына карабастан, күчтүү, камкор жана бактылуу үй-бүлө болуп жашап келген жарандарыбызга ыраазычылык айтып кетебиз,”-деди министр.


Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, Маданият министри А.А.Максутов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.И.Икрамов, Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын директору К. Осмонов катышты.

 

Акциянын 40 үй-бүлөсүнө демөөрчүлөр тарабынан баалуу белектер сыналгылар, турмуш-тиричилик техникалары,  баш байге Алматыга жолдомо жана Жаннат Ресорт эс алуу борборуна жолдомолор тапшырылды.


“Кучак” акциясынын демөөрчүлөрү Жогорку  Кеңештин  депутаттары Т. Икрамов,  Т. Масабиров, “SOS Кыргызстан балдар айылдары” коомдук фонду,  Юнисеф, Реуvand  кампаниясынын  директору  Г. Абдраимова, "Руханият" ассоциациясынын президенти К. Токтосартов, "Кыргызстан компьютердик спорт федерациясынын вице-президенти Тариэль Болотбек уулу. Бардык спонсорлорго терең ыраазычылык билдиребиз!

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Эльза
Эң мыкты иш чара! Гульнара Маришовна, Сизге жана Сиз жетектеген министрликтин кызматкерлерине, ушул сынакты өткөрүгө кылдат мамиле кылган коомдук кеңешчиңиз Гульзар айымга терең ыраазычылык!🤲