Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен 9 жаштагы баланын абалы туруктуу

10.03.2020 15:50
1271
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен 9 жаштагы баланын абалы туруктуу

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ооруканага барып, үй-бүлөдөгү зомбулуктан жапа чеккен 9 жаштагы баланын ал-абалы менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматтар боюнча, баланын абалы оор, ошол эле учурда туруктуу. 


Алтынай Өмүрбекова балага тез сакайып кетишин айтып, медицина кызматкерлерине кечиктирилгис чараларды кабыл алганы үчүн ыраазычылыгын билдирди. 


Ал жапа чеккен балага квалификациялык медициналык жардам берүүнү, тиешелүү дары-дармек менен камсыз кылууну, психологиялык жактан жардам көрсөтүүнү тапшырды. 


Вице-премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдар тараптан бардык зарыл болгон жардамдар берилерин белгиледи. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн