Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:31
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Үй карантининдеги Аида Касымалиева кырдаал боюнча өз сунуштарын айтты

18.03.2020 14:41
1495
Үй карантининдеги Аида Касымалиева кырдаал боюнча өз сунуштарын айтты


Учурда үй карантининдеги Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева өзү тууралуу түзүлгөн кырдаал боюнча сунуштарын социалдык тармактар аркылуу бөлүштү.


Анын биринчи сунушу: коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабдын брифингин саат сайын өткөрүү зарыл жана мындан да күчөтүү керек. Ар бир саат сайын брифинг уюштурулбаса, кымгуут жаралып, ар кандай туура эмес маалыматка жетеленгендер арбып кетет. Бардык телеканалдардан саат сайын ал брифингдерди жана изоляция, гигиена тууралуу маалымат берилиши керек.


Экинчиден: бизнес үчүн кредиттик жеңилдиктер, салык каникулдары талкууланып бүтсө, бүгүн-эртең так чечимдерди жарыялап коюш керек жана жеңилдиктер сөзсүз каралышы керек.


Үчүнчүдөн: мугалимдер жумушка саат 9:00гө барып, баары чогулуп алып отурушат мектептерде. "Эмнеге жөн эле кыйнаганды жакшы көрөбүз? Мугалимдер да төлөнгөн отпускка кетип, жасалчу жумушту дистанциялык форматта жасоо керек", - деди ал.


Төртүнчүдөн: жогорку окуу жайлар тез арада программаларын дистанттык окууга ыңгайлаштырышы зарыл. Эгерде окуу жайлар камсыздай албаса, анда контракт менен окуган күндөргө эле төлөнүшү зарыл.


Бешинчиден: Кыргызстанда жүргөн бардык чет өлкөлүктөрдүн визасы 10-апрелге чейин автоматтык түрдө узартылышы зарыл. Кийин баш-аламан, кошумча иш жарата турган көйгөйлөрдүн алдын алып коюу зарыл.


"Тигүүчү цехтерде адамдар абдан көп иштейт, алардын абалын текшерген бир да сюжет же жаңылык көргөн жокмун. Көбүнчө жабык жер, баары чогуу отурган жерлер - тигүүчү цехтер. Бирок аларды жөн эле жаап койбостон, ал жерге да жеңилдиктер керек. Миңдеген жарандарыбыз ошол цехтерден балдарын багып келе жатышат", - деди А.Касымалиева.


Алтынчы: бардык маанилүү чечимдер бүгүн-эртең парламент аркылуу өтүп, иштеп кетиши өтө маанилүү. Коңшу өлкөлөрдүн парламенти онлайн иштеп жатат (Өзбекстан), телеграм канал аркылуу эле талкуулап жана добуш берип. Бул мүмкүнчүлүктү да карап, даярданып коюу ашыкча болбойт.


"Жетинчиден, билим берүү министрлиги КТРК, ЭлТр менен жана башка каналдар аркылуу онлайн сабактарды теледен бериши зарыл. Билим берүүгө тиешелүү бардык онлайн-ресурстар толук кандуу иштеши зарыл", - деген сунушун берди ал.


Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Токобаев Нургазы Озгон.
Олкобуздо Озгочо кырдаал учурунда шарларыбыздагы квартиралардын комуналдык акыларын токтотуп туруу зарыл, мындай учурда элибизде тамак ашка жана даары дармекке гана акча коп керектелет. Рахмат.
Эгемназаров Альберт Каримович
Кредит боюунча эмне жооп бере аласыздар
Марат
Туура эле менимче. Магада эске албасак дагы бир жаңы жагдай пайда болот. Ошондо Аттиңай.. деп калбасак болду.